Ош мэриясы шаар күнүн майрамдоого Россия, Италия, АКШдан ырчыларды чакырды
RU

Ош мэриясы шаар күнүн майрамдоого Россия, Италия, АКШдан ырчыларды чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош мэриясы шаар күнүнө карата чет элдик ырчылардын катышуусунда гала-концерт өткөрө турганын маалымдады.

Майрамдык кече 5-октябрь күнү Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулуп, саат 19:00дө башталат.

Мэриянын маалымат кызматынын маалыматына караганда Италиядан IN GRID, АКШдан BAD BOYS BLUE, Россиядан DJ BAKS жана Өзбекстандан Хамдам Собиров чакырылганын кабарлады. Ал эми кыргыз ырчыларынан JAХ 02.14, Гүлзада Рыскулова жана башкалар катышаары белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14604