Бишкекте үч баланын энеси күйөөсүнүн кордугунан кийин өз жанын кыйды
RU

Бишкекте үч баланын энеси күйөөсүнүн кордугунан кийин өз жанын кыйды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үч баланын энеси күйөөсүнүн кордугунан кийин өз жанын кыйган. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына маркумдун жакындарына шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте болгон.

"Өз жанын өзү кыйды, ал каза болду. Анын жакындарынын алдын ала маалыматтарына караганда окуя - күйөөсүнүн зордук-зомбулугунан кийин орун алган. Бирок алар анын мындай ишке барышына ишенишпейт. Балдары жетим калышты", - деп жазган Назгүл Турдубекова.

Белгилей кетсек, 18-сентябрда Прогресс айылында мас абалындагы адам кошунасын бычактап салган. Ал ооруканада каза болгон. Ал эми 19-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда аял үйүнүн короосунда асынып алган.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14611