"Кыргызстан сулуусу-2023" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Гран-прини ким утту?
RU

"Кыргызстан сулуусу-2023" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Гран-прини ким утту?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 3-октябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2023" сынагы болуп өттү. Анда 17 сулуунун ичинен 3 бийкеч өлкө сулуусу деп табылды.

Ал эми Гран-прини 21 жаштагы бийчи, модель Акылай Калбердиева жеңип, таажыны "Кыргызстан сулуусу-2022" наамынын ээси Диами Алмазбекова өткөрүп берди.

Сулуулар сынагында:

  • 21 жаштагы Акылай Калбердиева жеңүүчү деп табылып, акчалай байгеге ээ болду;
  • 25 жаштагы Майя Турдалиева эл аралык Miss Universe сынагына катышуу укугун алды;
  • 21 жаштагы Айпери Кеңешбекова эл аралык Miss Earth сынагына катышууга укук алды;
  • Сынакта "Бишкек сулуусу" да аныкталды, ал 22 жаштагы Айгерим Сатымбек кызы болду.

Сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова Kaktus.kg сайтына Кыргызстандын сулуусу болуп 3 бийкечтин тандалганы боюнча буларды айтты.

"Быйыл сынактын шарттары, эрежелери өзгөрдү. Буга чейин бир эле кыз жеңүүчү болуп, бир кызга эле таажы тагылчу. Бул жолу атайын 3 окшош таажы буюртма кылдык. 3 кыз тең Кыргызстандын сулуусу деген наамга татыктуу. Анын экөө эл аралык сынактарга барганга укук алат", - деди.

Акылай Калбердиева тууралуу бир нече факты

  • Жердиги Жалал-Абаддан, бирок Бишкекте өскөн
  • Кичине кезинен бери бийлейт, бийге болгон кызыгуусу көркөм гимнастикадан башталган
  • Заманбап бий менен 7 жыл алектенген
  • Клипке алгачкы жолу 11 жашында тартылган (Азамат Сарыбаевдин "Кумар көз" деген ырынын клиби)
  • 10 жылдан ашуун убакыттан бери "Береке" бий ансамблинде бийлеп келет
  • Моделдик менен алектенгенине 5 жылдан ашты
  • Финансы-экономикалык техникумду аяктаган соң, Кыргыз улуттук университетинин котормочулук багытында билим алып келет

Майя Турдалиева тууралуу маалымат

  • Туулган жери Ысык-Көл облусу
  • Бишкектеги түрк лицейинде билим алып, жогорку билимди Кытайдагы Фудань университетинде алган
  • Кытайда жүргөндө модель катары жана англис тилден окутуучу болуп эмгектенген
  • Кыргызстанга 3 жыл мурда келип, учурда модель катары иштейт

Айпери Кеңешбекова тууралуу маалымат

  • Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлүп, чоңойгон
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти
  • Үй-бүлөлүү
  • Модель катары, андан тышкары телеканалдардын биринде иштейт
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14638