13 ирээт соттолгон келин жарандык никедеги күйөөсүнө эки баласын таштап, акчасын уурдаган
RU

13 ирээт соттолгон келин жарандык никедеги күйөөсүнө эки баласын таштап, акчасын уурдаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайыл районунда жарандык никедеги жолдошунун акча каражаттарын уурдады деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББси маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 13-апрель күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу, 1982-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен

кайрылып, жарандык никеде жашаган аялы жаш балдарын таштап, 5700 АКШ

долларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда, арыздануучу жарандык никедеги аялы менен үч жылдай жашап, эки балалуу

болушканын, ал аялынын аты жөнүнөн тышкары анын туугандары жана өзү тууралуу эч нерсе билбей тургандыгы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал аял күйөөсүнө чет мамлекеттердин бирине кетип жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу жөнөткөнү

маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын жүргөн жерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал аял жарандык никедеги күйөөсүнө башка ат менен таанышып жашап жүргөнү такталып, анын чыныгы аты жөнү аныкталган.

Ал 1889-жылы туулган К.А. аттуу аял экендиги, ал буга чейин 13 ирээт кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Ысык-Көл облустук ИИБы тарабынан издөө

жарыялангандыгы такталган.

Милиция кызматкерлери жогорудагы аял кармап, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1463