Мүлктү сатуудан түшкөн кирешеге качан, канча салык салынат?
RU

Мүлктү сатуудан түшкөн кирешеге качан, канча салык салынат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатса салык салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертип, түшүндүрмө берди.

Белгилесек, мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден 10% салык алуу фактылары кызуу талкуулана баштаган. Буга байланыштуу департамент мүлктү сатып алгандан кийин бир жыл ичинде кайра сатуунун салык эрежелерин тактоо чечимин кабыл алды.

Салык мыйзамдарына ылайык, мүлктү (батир, үй, унаа) сатууда, эгерде мүлк 1 жылдан аз убакытка ээлик кылса, алынган кирешеден киреше салыгын төлөө зарыл.

Мамлекеттик салык кызматы эгер, мүлк бир жыл ээлик кылгандан кийин сатылып кетсе, мүлк кайсы суммага сатылганына карабастан салык төлөө талап кылынбайт деп түшүндүрүүдө.

Мисал үчүн: Жаран А.А. 3 миллион сомго батир же унаа сатып алып, бир жылдын ичинде 3,5 миллион сомго сатты дейли. Бул учурда алынган киреше 500 миң сомду түзөт жана бул суммадан 50 миң сом өлчөмүндө киреше салыгын төлөө керек.

Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатууда салык төлөө жаңы норма эмес экени баса белгиленет. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында бар болчу, бирок 2022-жылга чейин колдонуу мөөнөтү 2 жыл болсо, азыр 1 жылга кыскартылды.

  • 2022-жылдан баштап жаңы эреже күчүнө кирди, ага ылайык киреше салыгы курулушка, бүткөрүүгө жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салуу менен эсептелет (чыгашаларды тастыктаган тиешелүү документтер болгондо).
  • Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча декларация тапшырышы керек.

2022-жылдын ноябрынан тартып "Кадастр" жана "Унаа" мамлекеттик органдарынын маалымат базалары салык кызматынын маалымат базасына интеграцияланган, бул мүлктү сатып алуу/сатуу операцияларын талдоо жана салык мыйзамдарын сактабаган учурларды аныктоого мүмкүндүк берет.

Мүлктү сатып алуу/сатуу боюнча бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган кирешелер жөнүндө маалымат алынгандан кийин жарандарга салыктарды төлөө зарылчылыгы жөнүндө тиешелүү билдирүүлөр жөнөтүлөт.

"Ошол эле учурда салык органынын чечими тапшырылган күндөн тартып 15 күндүн ичинде салык төлөөчү карыздын толук суммасын же бир бөлүгүр төлөсө, айыптын 50%ын төлөөдөн бошотулууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейбиз", - дешет Салык кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14656