Бишкекте дем алыш күндөрү эс алуучу жайларда милиция кызматкерлери күзөт кылат
RU

Бишкекте дем алыш күндөрү эс алуучу жайларда милиция кызматкерлери күзөт кылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дем алыш күндөрү коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн эс алуучулар эң көп топтолгон "Чердак", "Мюнхен" жана "Асанбай борборунда" күнү-түнү милициянын кайгуул кызматкерлери кызмат кылышат. Бул туурасында Бишкек ШИИББден кабарлашты.

Милиция кызматкерлеринин негизги максаты - кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу болуп саналат.

Эгерде кол салуунун же мыйзамсыз аракеттердин күбөсү болуп калсаңыздар, милиция кызматкерине кабар берип же 102 кыска номерине чалсаңыз болот.

Бишкек ШИИББи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандар Кылмыш-жаза кодексине жана Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик караларын эскертет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14676