Франциялык адистер кыргызстандык учукучтарды окуудан өткөрдү
RU

Франциялык адистер кыргызстандык учукучтарды окуудан өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франциянын Куткаруу кызматынын адистери 3-октябрдан 6-октябрга чейин кыргызстандык учкучтар менен тоо куткаруучуларына окууларды өттү. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Учкучтарды Франциянын Ички иштер министрлигинин жарандык коопсуздук боюнча тик учак тобунун тоодо куткаруу боюнча башкы учкуч-инструктору, ал эми тоодогу куткаруучуларды Тоо борборунун инструктор-куткаруучусу, Француз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өрт коопсуздугу жана Куткаруу кызматынын куткаруучусу Антуан Талье окутту.

Учкучтар бийик жерге конууга үйрөнүп, 5000 метр бийиктиктеги тоолорго конду. Окутуу аяктагандан кийин тиешелүү сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, куткаруучулар татаал тоо шарттарында авиациянын жардамы менен куткаруу иштерине үйрөнүшүп, ошондой эле тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Сертификаттарды тапшыруу аземи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Байтик" аэродромунда өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14677