ТИМ Израилдеги кыргызстандыктарды этият болууга чакырды
RU

ТИМ Израилдеги кыргызстандыктарды этият болууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Израилдеги аскерий кагылышуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 7-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын Израилдеги элчилигинин (резиденция Анкара шаарында) маалыматына таянуу менен билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Израилде жашаган кыргызстандыктарга өлкөнүн палестиналык ХАМАС кыймылы менен жаңжалдын курчушуна байланыштуу Израилдин чек ара аймактарындагы аскерий кагылыш болгон жерлерге барбоосун сунуштайт.

Зарыл болгон учурда, элчилик ишеним телефонуна чалууну өтүнөт: +90 5456 896 800.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14679