Өмүрбек Текебаевдин апасы дүйнө салды
RU

Өмүрбек Текебаевдин апасы дүйнө салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынан билдиришти.

Тилла Текебаева 90 жаш курагында көз жумду. Акыркы кезде көп ооруп жүргөн экен

Эки жума мурун Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл сот залында журналисттерге, кайын энеси ооруп жатканын жана уулунун акталып чыгышын аябай күтүп жаткандыгын айтып берген болчу.

"Акыры акыйкат орноду. Бул күндү барынан да Өмүрбек Чиркешевичтин апасы күттү. Ал азыр ооруканада, кан басымы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп жатат. Ал үчүн ар бир күн, ар бир мүнөт, жада калса секунд да маанилүү болчу. Эми тезирээк сакайып кетет болуш керек", - деп Айгүл Текебаева айткан.

Тилла Текебаева эртең, 30-апрелде Базар-Коргон районунун Акман айылында жерге берилет.

Редакция Тилла Текебаеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1467