"Нандын эле эмес, күрүч, суу майга болгон бааны жөнгө салгыла!". Элдин пикири
RU

"Нандын эле эмес, күрүч, суу майга болгон бааны жөнгө салгыла!". Элдин пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калк эң көп талап кылган тамак-аштардын башында нан турат. Кыргызстанда сентябрь айында Казакстандан ташылып келинген ун кымбаттап анын артынан эле нандын да баасы өстү. Андан соң өкмөт абалды көзөмөлдөө үчүн өлкөдө нандын баасына үч айга убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизди. kaktus.kg редакциясы нандын баасын көзөмөлгө алуу боюнча өкмөттүн чечими тууралуу Ош базарындагы нан саткан сатуучулар менен элдин оюн угуп кайтты.

"Мурунку баада эле сатып жатабыз"

"Өзүмдүн оюмду айтсам, биз мурунку баа менен эле сатып жатабыз. Ун бир көтөрүлүп, кайра калыбына түштү. Нан чыгаргандар бизге бир-эки сом кошту, а биз ошол эле баа менен сатып жатабыз.

Алуучулар калп эле дүрбөлөңгө түшө берет да. Кымбат, кымбат деп. Нан жакшы - кененчилик. Элдер эптеп ызы-чуу чыгарышы керек да. Ун кымбаттады, анан бул кымбаттады деп".

"Сатуучуларга таасир этпейт, кымбаттаса элге элге кыйын"

Дагы бир сатуучу баанын өсүшү - элдин капчыгына таасир этээрин моюндады. Ал нан кымбаттап, арзандаса деле сатуучуларга айырмасы жок экенин айтты.

"Сатуучуларга таасир этпейт. Биз үч-төрт сом баары бир өзүбүз үстүнө кошобуз. Баа түшсө деле, көтөрүлсө деле бизде эч кандай өзгөрүү болбойт деле. Ошол эле сумманы кошуп сатабыз. Баа көтөрүлгөндө элге эле кыйын болуп калат экен", - деди нан саткандардын экинчиси, биринчи сатуучу менен макул болбой.

Нанга максималдуу баа белгиленди

Бүгүн, 10-октябрда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээли төмөнкүдөй баада белгиленди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев бааларды атады.

1 кг үчүн белгиленген баа төмөндөгүдөй:

  • - Бишкек: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 52,2 сом (дүң), 62,5 сом (чекене); Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
  • - Чүй облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
  • - Ош шаары: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
  • - Талас облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
  • - Нарын облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
  • - Исык-Көл облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 99 сом (дүң), 116 сом (чекене);
  • - Ош облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 89 сом (дүң), 100 сом (чекене);
  • - Жалал-Абад облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 92 сом (дүң), 101 сом (чекене);
  • - Баткен облусу: 1-сорттогу ундан жасалган буудай наны (бөлкө нан) - 56,5 сом (дүң), 65 сом (чекене); Тандыр нан - 99 сом (дүң), 116 сом (чекене);

Нанды белгиленген баадан кымбат саткандарга айып салынат

Баалар белгиленгенден кийин наабайчыларга баалар тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Бааларды белгилегенден кийин көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. Биринчи ар бир наабайчы, тандырчыларга түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Анда, биз белгилеген баадан ашырып саткандарга айып пул салабыз".

Ундун кымбатташы импортко байланыштуу болуп жатат

Мекеме ундун кымбатташы импортко байланыштуу болуп жатканын айтты. Ал эми жергиликтүү өндүрүлгөн ундардын баалары өзгөргөн жок.

"Ундун кымбатташы импортко байланыштуу. Жергиликтүү ундун баасы бир калыпта. Себеби, биздин унду саткандарга жеңилдиктер берилген. Эгерде тандыр нандары импорттук ундан жабылса, биз импорттук ундун баасын жана өздүк наркын чыгарабыз.

Мамлекет сырттан алынып келинген буудай ээсинен эч кандай салык албайт", - деп белгиледи мекеменин өкүлү.

"Арзан берсе, биз да арзан сатабыз"

Базарда нан саткандардын дагы бири нанды наабайчылар кымбат алып келип жатканы үчүн жогору баада сатып жатканын айтты. Ал элге кыйын болуп жатканын көрүп, түшүнүп жатканын кошумчалады.

"Кымбат келген үчүн кымбат сатабыз да. Мисалы, бул нандарды 20 сомдон алып келет, мен 25 сомдон сатам. Алар унду кымбат алып жатабыз, Казакстандын унун алып жатабыз дейт. Алар арзандатса, биз да арзан сатабыз.

Көп эле киши нааразы

Азыр бир аз эл көнгөндөй болуп калды. Бирок, айла жок да. Эмне кылышат?!", - деди сатуучу.

Нандан башка нерсени текшерсе болбойбу?

Сатуучулардын дагы бири нан - биринчи социалдык керектүү азык-түлүктүн ичинен эң арзаны экенин айтып, башка азык-түлүктөргө бааны көзөмөлдөө керек деп эсептейт.

"Мисалы, этти барып текшерсин. Башка азык-түлүктөрдү текшерсин.

Мына, этти алып жей албай эл кыйналып жатат!

Айлыктан башканын баары кымбаттады. Бийлик нандан башканы да көзөмөлгө албайбы?", - деди ал.

Нандын баасына киргизилген көзөмөл боюнча элдин пикири төмөнкүдөй болду.

"Кымбаттап жатат. Мисалы, Москвага салыштырмалуу бул жакта аябай эле кымбат".

"Ундун кымбаттаганы элдин чөнтөгүнө аябай эле таасирин тийгизүүдө. Инфляциянын (өсүшү) берилиши өтө эле элдин капчыгына кедергисин тийгизип жатат. Ошого жараша айлык акы өспөй жатат. Мисалы, биринчи керектелүүчү товарлардын баары кымбаттап жатат. Керек болсо, ажаатканага барганың да кымбат азыркы күндө. Бардык нерсе кымбаттап, айлык эле өспөй жатат. Баланс жок болуп жатат биздечи. Карапайым элге кыйын болду. Кийим-кечеден баштап, бардык эле нерсени көзөмөлдөсө жакшы болмок.

Ушундай кыйынчылыктын айынан Кыргызстанда уурулук, туура эмес жолдор, коомдогу туура эмес көрүнүштөр келип чыгат. Эгер, эл жыргап жашаса өкмөткө дагы жумуш азыраак болмок".

"Азыр дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жаткандан кийин азыркы бааларга макул болушубуз керек го"

"Күрүч мурун 100 сом болсо, азыр 140-150 сомго чыкты"

"Бары эле кымбат. Мурда күрүчтү 100 сомго алсак, азыр 140-150 сомдон алып жатабыз. Суу май, шекер да кымбаттады. Асмандын башы болуп кетти. Жумуш жок".

"Кымбат болуп жатат. Бирок, бизде эле эмес да, дүйнө жүзүндө болуп жатпайбы? Мына, бизде жердин баарына үйлөр салынып жатат. Айдоо жер жок. Анын баарына үйлөр салынып кетпедиби. Анан, Казакстандан келгиче эле ун кымбаттап кетип жатпайбы? Дагы, казактарга ырахмат, бизге жок дегенде ун берип жатканына".

"Азыр баалар аз-аздан кымбаттап, кайра ордуна келип эле жатат. Эми, баалар кичинеден көтөрүлүп жатат. Азык-түлүк адамдын эң биринчи жей турган нерсеси да. Нанга эле эмес, башкаларга да көзөмөл керек болчу".

"Пенсионерлерге эле кыйын болду. Пенсия бир айдан экинчи айга жетпей калат"

"Баары кымбат, күнүнө үстүнө кошулуп жатат. Ундун баасын арзан кылса - азыркы алган пенсиябызды эптеп жеткирет элек. Кымбаттатып салып, пенсиям эч нерсеге жетпей жатат".

Бааларга тышкы факторлор да таасир этип калат

"Бүгүнкү күндө биринчи керектелүүчү социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасы туруктуу. Шекер боюнча: былтыр ушул маалга салыштырмалуу кум шекер 8 сомго арзан. Ал эми суу май былтыркыга салыштырмалуу 28-30 сомго чейин төмөндөгөн.

Биз жума сайын бааларга мониторинг, көзөмөл жүргүзүп турабыз. Баалар ылдыйлап же көтөрүлсө себебин аныктайбыз. Бизде көбүнө импорт болгону үчүн тышкы факторлор таасир этип калат", - деди мекеме өкүлү.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште айрым депутаттар ун менен нандын кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, өкмөткө бааны жөнгө салуу керектигин айтышкан. Парламенттеги мындай билдирүүлөрдөн кийин Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Нан кымбаттады" деп айткан депутаттарды бул абалдан упай топтобоого чакырган. Ал ундун баасы туруктуу экенин да айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14691