Бишкекте коопсуздукту атчан кайгуулдар да камсыз кылууда. Алар кандай учурда тартылат?
RU

Бишкекте коопсуздукту атчан кайгуулдар да камсыз кылууда. Алар кандай учурда тартылат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жыйыны учурунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Кызматкерлер авто, мото жана аттар менен кайгуул кылышууда. Атчан милициялар унаа бара албаган жактарга көзөмөл кылат.

Маалымат иретинде: ИИМдин тутумундагы кавалериялык взвод 1990-жылдын 10-июнунда түзүлгөн. 2019-жылы Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирген. Кавелериялык взвод негизинен:

  • коомдук коопсуздукту сактоо максатында сейил бактарга кайгуулга чыгат;
  • чет өлкөдөн келген конокторду тосуу, узатуу иш-чараларында, мамлекеттик резиденцияда өз милдеттерин өтөшөт;
  • айрым учурларда массалык баш аламандыктарда да коомдук коопсуздукту сактоо иретинде кавалериялык взвод тартылат.

Ал эми кызматкерлер мурда атайын жөндөмүнө карата тандалып алынса, азыр Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын тутумуна кирип калгандыктан аталган кызматка бекитилген жалпы сынактын негизинде тандоо менен алынат. Кызматтык аттардын ысымы, жылы жазылган атайын документтери дагы бар. Жаныбардын документинде дарылоо, мөөнөтү менен кароо жүргүзүү иштери так жазылып турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14720