Азербайжан Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушун баштады
RU

Азербайжан Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушун баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын жана парктын курулушу башталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдады.

Ал белгилегендей, көп жылдар бою Кыргызстанда туристтерге шарттар түзүлгөн эмес. Союз мезгилинде курулган имараттардын кызмат көрсөтүү мөөнөтү эбак эле бүткөн.

"Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат. Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот", - деп жазды Facebook баракчасына Каныбек Туманбаев.

Буга ылайык, Каныбек Туманбаев жана анын азербайжандык кесиптеши Рамин Намик оглы Гулузаде Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна инвестиция кылуу боюнча келишимге кол коюшту.

Эске салсак, министрлер кабинети Азербайжанга Кара-Ой айылындагы 17,24 гектар жерди Ысык-Көлдүн жээгиндеги беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна берген. 49 жылдан кийин Азербайжан келишимди узартууга укуктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14738