Тажикстан менен чек арада кайрадан автоматтын атканы угула баштады
RU

Тажикстан менен чек арада кайрадан автоматтын атканы угула баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан автоматтын атканы угула баштады. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден Kaktus.media редакциясынын корреспонденти кабарлады.

Анын айтымында, ок атышуунун добуштары бүгүн, 30-апрелде, болжол менен эртең мененки саат 8:25те башталган.

Акыркы бир жумадан бери Тажикстан менен чектешкен аймактагы кырдаал чыңалып турат. 28-апрелде абал ого бетер курчуп, 29-апрелден тартып бир нече айылда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Жергиликтүү тургундар эвакуацияланып, түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 84 кишиге жетти. Анын ичинен үчөө каза болушту. Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады. Кечинде Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан.

30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1474