Министрлик кыргызстандыктарды Ливан жана Израилден чыгып кетүүгө чакырды
RU

Министрлик кыргызстандыктарды Ливан жана Израилден чыгып кетүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана палестина-израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Ливадан чыгып кетүүнү сунуштайт. Ошондой эле чыр-чатакка кабылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууга чакырат.

Министрлик Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар аркылуу өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүнү өтүнөт.

Эгер күтүлбөгөн кырдаалдар жана шашылыш суроолор жаралса Министрликтин Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна кайрылууну эскертет: +996 999 312 002.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14760