Балбан Нурзат Нуртаева: "Терезеден качып, башка айылга машыгууга жөө барчумун"
RU

Балбан Нурзат Нуртаева: "Терезеден качып, башка айылга машыгууга жөө барчумун"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайда өткөн Азияда оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча күмүш байгеге ээ болгон балбан Нурзат Нуртаева Kaktus.kg редакциясына алдыңкы пландары, спортко болгон кызыгуусу жана бала-чагы тууралуу маек берди.

Кичинемде аябай бейбаш кыз болчумун

Кичинемде аябай бейбаш кыз болчумун. Күрөшкө келген себебимдин бирден-бир себеби ошол. Шоктук, бейбаштыгымдан энергиямды кайда короторумду билбегендиктен залгакелгем. Футбол ойноп эле, балдар менен кээде чүкө ойноп калчумун.

Бир аз чоңойгондон кийин эле бир спорттун түрүнө катышышым керек деген ичимде ойлор пайда болду. Бирок айылда бизде шарт жок, күрөш залы да жок болчу. Ал эми, кошуна айылда күрөш зал бар деп уктум. Ошол залга менин 2-3 классташ балам барчу. Алар "сен барбайсыңбы, сенде күч бар, энергияң көп" деп ошол классташ балдар айтып калды. Ошол учурда коңшу айылдагы залдын машыктыруучусу балдарга окшош, энергиясы көп кыз барбы деп издеп жүрүптүр.

Башында үйдөгүлөр уруксат берген эмес

Эки айыл болгондуктан жол алыс эле. Башында үйдөгүлөр уруксат берген эмес, кыз киши күрөшпөйт деп. Айыл алыс болсо, ал жакка кантип барасың деп каршы болушкан. Негизи бешинчи класста эле күрөшкө барайын деп сурангам. Бирок атам, апам жибербей коюшкан.

Сегизинчи класска чейин ыйлап жүрдүм

8-класста "мен чоңойдум" деп, өзүмдү-өзүм билем, барам деп чыктым. Үйдөгүлөр кайра эле каршы болушканда, айнектен качып барып, машыккан күндөрүм болгон. Кечинде келгенде үйгө киргенден коркосуң да. Апам "кел, кир үйгө" деп киргизген. "Мейли бара берсин, бир жумадан кийин жолдун алыстагынан тажап өзү эле барбай калат" деп койду. "Күн сууктаса деле барбай калат, кийин силер жибербей койгонсуңар дебесин" деп үйдөгүлөр макулдугун беришкен.

Үй-бүлөм макулдук бергенден тартып машыгууну бир күн калтырган жокмун

Айылда бир жарым айдай машыккандан кийин эле Бишкекте Кыргызстандын чемпионаты өтүп калды. Агай мени ошол жакка алып келди. Айылда кара жумуш кылып жүргөнгө күч бар да. Ыкмаларды билбесем дагы, кара күчкө салып жатып эле Кыргызстандын чемпионатын утуп алдым. Ошол чемпионатта мени Нурбек Изабеков агай байкап, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командага чакырышты. Ошентип Бишкекке келип калгам.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14770