Бишкекте имамдар Палестинада курман болгондорго куран окушту
RU

Бишкекте имамдар Палестинада курман болгондорго куран окушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде жалпы имамдарга чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты, баш имам-хатибдер, укук коргоо кызматкерлери жана борбордогу жалпы 74 мечиттин имамы катышты.

Муфтияттан билдиришкендей, жыйындын башында Палестинада курман болгон мусулман бир туугандарга куран окулду. Андан соң бир катар орчундуу маселелер каралып, төмөнкү тапшырмалар берилди.

  • Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;
  • Палестинада болуп жаткан окуялар жана курман болгондорго куран окуу;
  • Мекемелер аралык иш тобунун мечиттерди текшерүүлөрүнө даяр болуу.

"Палестинадагы болуп жаткан окуяларды баарыбыз көрүп жатабыз. Курман болгондорду көрүп, кабыргабыз кайышып турган учуру. "Мусулмандын куралы - дуба" дегендей, учурда биздин эң жакшы жардамыбыз дуба кылуу. Бирок дуба кылууда коомдук жайда элди топтоо, бакырып-өкүрүү эмес, тынчтыкка үндөө жана саясатташтыруудан оолак болуу. Ушул боюнча жума баяндарында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Себеби мындай окуялардан пайдалынып, айрым экстремисттик-саясий уюмдар туура эмес пикирлерди, чакырууларды жайылтып ийиши ыктымал", - деди Шакир ажы Маматов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14773