Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди
RU

Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-октябрда Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жараны болгон 21 аял жана 62 бала жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алар Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде калган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл-3" атайын операциясынын алкагында алынып келинген.

Миссиянын алкагында кыргыз делегациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн дары-дармек менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Кыргыз тарап репатриацияга көмөк көрсөткөн АКШ өкмөтүнө, ЮНИСЕФке жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине ыраазычылык билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14779