Кытайда өтүп жаткан паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу алтын утту
RU

Кытайда өтүп жаткан паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу алтын утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азиянын паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы алтын утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы 48 кг чейинки салмакта күч сынашты. Ал беттешти 1/2 финалдан баштап, индонезиялык балбанды жеңди.

Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык балбан менен күч сынашып, атаандашын жеңип алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14787