Баткендин чек арасынан 11 миңден ашык жаран эвакуацияланды
RU

Баткендин чек арасынан 11 миңден ашык жаран эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ок атышкан аймактагы айылдардан эвакуацияланган жарандардын саны канча экенин Kaktus.media'га айтып беришти.

Ведомоствонун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Лейлек районунун 10 миңден ашуун жаран, ал эми Баткен районунан 1,5 миңге чукул киши чыгарылды.

"Бардыгы Баткенде уюшулган атайын пунктарга жайгаштырылды. Айрымдары туугандарыныкына жөнөп кетишти", - деп басма сөз билдирди.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1478