Депутат желектеги күндүн нуру өзгөртүлсө лопух болуп каларын айтты. Демилгечинин жообу
RU

Депутат желектеги күндүн нуру өзгөртүлсө лопух болуп каларын айтты. Демилгечинин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртпөөнү талап кылды. Ал буга чейин тууну өзгөртүүнү сунуштаган кесиптештерине кайрылып, эл каршы экекнин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө желегибизди өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Коомчулукта, интернет булактарында дээрлик көпчүлүгү буга каршы болуп жатканын айтып коёюн. Эртең бизге келгенде да маселе болуп кетпесин. Биз желектен башка нерселерди эле жасайлычы. Желегибизге, мамлекетибиздин ыйыгына тийбей эле коёлучу. 30 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин эн тамгасы болгон жакшынакай желегибизде күндүн нуру түшүп турат. Куңдүн нуру коломто дегенди да түшүндүрөт. Кыргызда "коломтоң өчпөсүн, коломтоңдо от жансын" дейт. Бул деген жалындын, нурдун белгиси го.

Эгерде биз күндүн нурун арбайтып, тарбайтып койсок ал лопух болуп калат. Кыргызчасы уйгак.

Башка иштерибиз кококдон болуп турганда, жаза тайып туубуз жөнүндө алектене турган болсок, эртең эшиктеги эл бизди кечирбейт", - деди Самыйкожо.

Депутаттын мындай пикиринен кийин тууну өзгөртүү боюнча демилге көтөрүп чыккан спикер Нурланбек Шакиев жооп берди.

"Туу өзгөрбөйт, эч кандай жаңы элементтер болбойт. Биз туунун авторлору менен жолуктук, алар да "баштагы тууну тааныбай калдык, мындай эмес болчу" деп айтып жатышат. Түндүктүн кандай жайгашканын өзүңүз көрүңүз азыр, сиз кыргыздын мындай элементтерин аябай жакшы билесиз. Таптакыр башкача. Бизде болгону тууну баштапкы калыбыны алып келип коёлу деген максат бар", - дейт Шакиев.

Мирлан Самыйкожо төрагага: Ошондо эгемендүүлүк алгандан бери туура эмес тууну астында турабызбы?

Нурланбек Шакиев: Ошондой.

Мирлан Самыйкожо: Андай эмес.

Талаш-тартыштан кийин депутат туу боюнча жакшылап талкуу жүргүзүүнү сунуштап, эл менен да эсептешүү керек деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14804