Президент чек арадагы конфликт учурунда курман болгондордун жакындарын көңүл айтты
RU

Президент чек арадагы конфликт учурунда курман болгондордун жакындарын көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты.

"Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт", - деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1483