Бензовоз күйүп кеткен кырсыкта эки милиция жабыркап, бири каза тапты
RU

Бензовоз күйүп кеткен кырсыкта эки милиция жабыркап, бири каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Жайыл районунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда бензовоз менен эки жеңил унаа күйгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Белгилүү болгондой, кырсыктан эки миилция жабыркап, бири каза болсо, экинчиси оор абалда жатат. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 27-октябрда саат 15:30дар чамасында бензовоз Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында кулап, күйүп баштаган. Бул учурда иш сапары менен жолдо бара жаткан Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү, милициянын капитаны 30 жаштагы О.Акуналиев менен Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору 41 жаштагы Д.Шамшиев бензовоздун айдоочусуна жардам берип жатканда аларды да өрт чалып, ооруканага жеткирилген.

Кырсыктан жабыркаган 30 жаштагы терөөчү оор абалда ооруканада жатат. Ал эми милициянын ыкчам кызматкери Д.Шамшиевдин денеси өрттөн көп жабыркап, 1-ноябрь күнү каза болду.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Д. Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14858