Милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды калкалоого шектелди
RU

Милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды калкалоого шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери кармалды. Алар чет элдик жарандардан пара талап кылган деп айтылат коопсуздук комитеттин маалыматында.

Такталгандай, милициянын айрым кызматкерлери Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барышкан. Тагыраагы, Пакистандын жаранын сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, 3500 доллар талап кылгандыгы аныкталды.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн көмүскө жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн пакистандык жарандарды камкордукка алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

2-ноябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын катышуусунда ортомчу катары акча берип жаткан жеринен Пакистандын жараны Х.М.И., андан кийин Бишкек ШИИББдин жана Свердлов РИИБдин кызматкерлери кармалды. Алардын иштеген жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Чогултулган материалдардын негизинде кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси барларды аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралар улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14865