Бала бакчадагы тамак-ашты мамлекет эмес, ата-эне камсыздашы керекпи? Видео
RU

Бала бакчадагы тамак-ашты мамлекет эмес, ата-эне камсыздашы керекпи? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу мамлекеттик бала бакчаларда тамакты буга чейинкидей эле бюджеттин эсебинен берүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Ал документте бала бакчаларда тамак-аш маселесин ата-энелерге жүктөө Конституцияга каршы келээри жазылган.

"Конституцияга ылайык, ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка акы төлөө түйшүгү ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө гана которулган учурда, жарандардын мектепке чейинки акысыз билим алуу укугу бузулушу мүмкүн. Мындай жагдайда мектепке чейинки билим берүүдө тамак-ашка акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок калктын аярлуу катмары Конституция кепилдеген акысыз мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жете албай калуу коркунучу бар, бул Баш мыйзамга туура келбейт. Ушуга байланыштуу "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 6-беренесинин 28-бөлүгүн күчүн жоготту деп таанууну сунуштайбыз", - деп жазылган негиздемеде.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчалардагы тамак-аш берүүнү уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырган.

Ушул аптада Финансы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген.

Бала бакчалардагы тамак-ашты мамлекет жана ата-энелер бөлүшүп төлөйт, бирок азыр Каржы министрлиги балдардын тамагына ошол жарым акчаны да бербөөнү көздөп жатат. Каржы министрлиги билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзамга шилтеме кылууда. Анда чын эле бала бакчалардын тамак-ашына ата-энелер акчаны толук өзүлөрү төлөш керек деп жазылган.

Эл өкүлдөрү буга нааразы болуп, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, долбоор коомдук талкууга коюлду. Мындай маанилүү учур эмне болуп көз жаздымда калганы белгисиз. Сурамжылоого катышкан ата-энелердин дээрлик бардыгы балдарынын тамагын толук камсыздашы керектигине каршы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14872