Кайгуул кызматы менен түнкү жарыш уюштургандар арасында чыр чыкты. Видео
RU

Кайгуул кызматы менен түнкү жарыш уюштургандар арасында чыр чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү Бишкек-Манас аэропорту жолунда жоон топ адамдар кайрадан түнкү жарыш уюштурууга аракет кылышкан. Белгилей кетсек, бул жарыштар дээрлик аэропортко карай каттамдын ар кайсы бөлүктөрүндө үзгүлтүксүз түрдө өтүп турат. Жергиликтүү тургундар жана башка айдоочулар бир нече жолу алардын үстүнөн арызданышкан, алардын айтымында, алар жолдо авариялык абалды жаратышат.

5-ноябрь күнү эртең менен социалдык тармактарда Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери айдоочуларды кармоого аракет кылып жаткан видеолор пайда болуп, ал эми көрүүчүлөр жана карап тургандар кайгуул кызматынын аракетине тоскоолдук жаратышкан. Кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар көрүүчүлөргө мындай аракеттер кооптуу экенин түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы окуя боюнча маалыматты тастыктады.

"Бишкек-Манас жолунда жүрүүгө болот, баары ирээттелди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы ыкчам чара көрүп, иш алып барды, автобейбаштар таркатылды. Тартипти калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14873