Адахан Мадумаровдун уулу мас абалында унаа айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады
RU

Адахан Мадумаровдун уулу мас абалында унаа айдаганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 31 жаштагы Нурмухаммед Адаханович Мадумаровду бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратты. Бул соттун чечиминен келип чыккан.

Маалым болгондой, Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан Нурмухаммед Мадумаровго карата протокол түзүлүп, анда ал 29-октябрда мас абалында "Ford Fusion" үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткандыгы жазылган.

Жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Айдоочунун транспорт каражатын алкоголдук, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында башкаруусу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Нурмухаммед Мадумаров өзү да күнөөсүн мойнуна алып, сотто кылган ишине өкүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14874