Бир жумада Кыргызстандын жолдорунда 18 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталды
RU

Бир жумада Кыргызстандын жолдорунда 18 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-октябрдан 5-ноябрга чейин Кыргызстандын жолдорунда 18 711 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардан:

  • транспорт каражатын тиешелүү документтери жок айдоо - 262;
  • мас абалында унаа башкаруу – 264;
  • унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 42;
  • жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол эрежесин бузуулар – 922;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2781;
  • автобейбаштык - 4;
  • ылдамдык чегинен ашкандар - 3955;
  • унааны жасалма номур менен айдоо - 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу - 733.

Жети күндүн ичинде жол эрежесин бузган 1541 унаа айып жайга киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежесин сактоого чакырды.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14876