Биринчи айым кулак, мурду кесикиленген Аселден кабар алып, пикирин айтты
RU

Биринчи айым кулак, мурду кесикиленген Аселден кабар алып, пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Селекция айылында кулактары, мурду мурдагы жолдошу тарбынан кескиленген Асел Ногойбаевадан Айгүл Жапарова кабар алды. Бул тууралуу биринчи айым соцтармактардагы баракчалары аркылуу билдирди.

"Бүгүн бир нече убакыт мурун коомчулукту нес кылган, мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Аселден кабар алдым. Коомчулук менен бирге мен дагы мындай окуяларды кескин айыптайм!

Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек.

Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асель кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен.

Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!", - деп жазды Жапарова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14886