Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна учуп кетти
RU

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн учуп кетти. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министр менен бирге эки хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, бет жаак хирургу, эки анестезиолог-реаниматолог жана травматолог жөнөштү.

Жумушчу топтун курамы Улуттук госпиталдын жана Бишкектеги ортопедия жана травматология илимий изилдөө борборунун адистеринен турат. Алар Исфанага барышат.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • 30-апрелге карата, жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде, эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1488