Кореяда Кыргызстандын расмий желегинен айырмаланган туу илинген. Элчи түшүндүрмө берди
RU

Кореяда Кыргызстандын расмий желегинен айырмаланган туу илинген. Элчи түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта Сеул шаарында Кыргызстандын расмий туусунан айырмаланган желек илип турган видео тараган. Талкууга алынган желек боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова түшүндүрмө берди.

"Ыкчам түрдө териштирүү иштерин жүргүзүп, желек Сеулда эмес, алыскы Тэджон шаарындагы Hanbat National окуу жайынын кире беришинде тагылганы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын элчилиги Hanbat National University менен ыкчам түрдө байланышып, илинген желек Кыргыз Республикасынын расмий бекитилген желегине дал келбей турганы маалымдалып, түшүндүрмө сурады.

Университеттин жетекчилигинин айтымында, алар желекти жергиликтүү фирмадан заказ кылып, бирок туура эмес жасалып калганын билбей калгандыгын билдиришти. Макулдашылбаган иш-аракеттер үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурашты.

Өз кезегинде элчилик Hanbat National University менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул желекти тез арада алып салууну жана мындан ары Кыргыз Республикасы менен байланышкан бардык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын элчилиги менен макулдашуусу зарыл экендигин билдирди. Университеттен кечирим каты да келди", - деди элчи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14892