Россиялык турист ӨКМнын тик учагы менен куткарылды. Видео
RU

Россиялык турист ӨКМнын тик учагы менен куткарылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусуна чыккан 41 жаштагы россиялык турист жабыркап, ал тик учак менен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын малаымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 8-ноябрда 4300 метр бийиктиктеги Рацек чокусуна чыгуу учурунда 41 жаштагы альпинист-турист жабыркап, ага Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары "Ак-Сай Трэвел" ЖЧКсынын куткаруучулары менен жардам көрсөтүштү. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат беришкен. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат менен кайрылган.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г. Россиянын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до деңиз деңгээлинен 4300 метр бийиктикте жайгашкан Рацек чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган.

Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14893