"Элдер балдары менен ар кай жакта качып жүрүшөт". Баткендеги балдардын сүрөттөрү
RU

"Элдер балдары менен ар кай жакта качып жүрүшөт". Баткендеги балдардын сүрөттөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дарыгер Айнура Сагынбаева өзүнүн Instagram аккаунтуна Баткен облусунун чек арага чектеш айылдардын тургундарынын сүрөттөрү менен бөлүштү.

"Бул менин жазылуучум. Бүгүн өзүнүн балдарынын сүрөтүн жөнөтүп жибериптир. Балдар, аялдар жана карылар бир нече күндөн бери ачка, кийимдери жок тоолордо жүрүшүптүр. Балдар ооруп, алсыз. Эркектер курал-жарагы жок душманды күтүп айылда калышкан. Көпчүлүгү тажиктердин ырайымсыз марадерлугунан качып, үйлөрүн таштап кетишкен. Биздин аскер ок аткан жок. Анткени биз согуштун башталышын каалабайбыз. Эки өлкөнүн жетекчилери бул жаңжалды качан токтотот деп эл күтүп жатат", - деп сүрөттүн алдына дарыгер жазган.

Социалдык тармактагы баракчаларыма ондогон аялдар жазып, жардам сурап жатышат. Гуманитардык жардамдан чоң үй-бүлөгө бир аз ун, жарым литр май, жана төрт китлап таратышты. Элдер эвакуацияланган жерлерде кийим, азык-түлүк саткан дүкөндөр жок. Жергиликтүү тургундар жаңжал болуп жаткан жерден алысыраак, өлкөнүн ичин көздөй качып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1489