Ошто жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза болду
RU

Ошто жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза тапты. Бул тууралуу бүгүн 9-ноябрда kaktus.kg редакциясына Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, каза болгон аскер 2001-жылы төрөлгөн, 22 жашта болгон. Ал жол кырсыгына кабылган уунааны айдап бараткан. Жараат алгандардын бири Ош облустук ооруканасында, экинчиси Оштогу аскер госпиталында дарыланып жатышат.

"3 контракттык кызматтын аскер кызматчысы жеке автоунаасы менен кетип бара жатып жол кырсыгына кабылышкан, анын кесепетинде 1 аскер кызматчысы кайтыш болду, 1 аскер кызматчы Ош облустук ооруканасында, экинчиси аскер госпиталында дарыланууда.

Каза болгон бала Ош облусунун Кара-Суу айылынын тургуну болгон", - деп айтылат маалыматта.

Алар Баткендеги № 12545 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскерлер.

Эске салсак, аталган жол кырсык 7-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон. Ичинде үч аскер кызматкери болгон.

Башы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14901