Ош шаарынын мэриясы жеке ишкерлер менен биргеликте Баткенге азык-түлүк жөнөттү
RU

Ош шаарынын мэриясы жеке ишкерлер менен биргеликте Баткенге азык-түлүк жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-апрель күнү Ош шаарынын мэриясы тарабынан жана жеке ишкерлерден чогулган азык-түлүк Баткен облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэриясынан 500 миң бөлүнгөндүгүн билдирип, Баткен эли жалгыз эмес экендигин кошумчалады.

"Ош шаарынын мэриясы резервдик фонддон 400 миң, ошондой эле, кызматкерлер бир күндүк айлык акыбызды бөлүп бердик. Жалпысынан мэриядан 500 миң сом акча каражаты каралды. Мындан тышкары, менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалардан, жеке ишкерлерден, курулуш компанияларынан жардам чогултулуп, 2 млн. сомдук азык-түлүк жөнөтүлдү. Жардам чектелүү болбойт. Жалпы кыргызстандыктарды сабырдуулукка жана ынтымакка чакырам. Провакацияга алдырбайлы, чек ара маселеси дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилишине тилектешмин"- деди мэр.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясы Баткен элине колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачып, атайын комиссиялык топ түзүлгөн.

Ош шаарында активдүү жаштардан, тургундардан, коомдук фонддордон турган атайын штабдар ачылып, азык-түлүктөр, акчалай жардамдар чогултулуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1491