Көзү азиздерге Өкмөт үйүнүн алдынан жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салышты. Сүрөт
RU

Көзү азиздерге Өкмөт үйүнүн алдынан жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салышты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-ноябрь Эл аралык азиздердин күнү. Анын урматына Кыргызстандын азиздер федерациясы Бишкекте жөө жүрүш уюштурду.

Акциянын алгачкы маршруту Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисине, андан ары Өкмөт үйүнө чейин созулуп, "Бишкек Парк" соода борборунда аяктады. Бирок милиция кызматкерлери Биринчи май райондук сотунун токтомуна байланыштуу азиздерди Өкмөт үйүнүн алдынан өткөрбөй коюшту.

Марштын катышуучулары маршрутун өзгөртүп, түз эле Бишкек паркына барууга аргасыз болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14928