Көңүл буруңуз! "Айыл Банк" ААКдан шашылыш билдирүү
RU

Көңүл буруңуз! "Айыл Банк" ААКдан шашылыш билдирүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айыл Банк" ААКсы кардарларына чукул кайрылуу жасап, шылуундардын курмандыгы болуп калуудан этияттанууга чакырды.

Банктан алдамчылыктын алдын алуу жана мындай жагдайлардан сактануу үчүн бир нече көрсөтмөлөрдү эске алууну суранышат.

Кардарларга "Мен сизге банктан чалып жатам" деп жеке маалымат сураган шылуундардын видеолорун интернеттен көрсөңүз керек.

Эгер төмөнкү мазмундагы билдирүү алсаңыз: "Айыл Банк" ААКсы атайын ойнотууларды уюштурат, каражаттарды которуу үчүн сиздин картаңыздын номерин, PIN-кодду, СVV/CVC-кодду сурагандарга SMS аркылуу ырастоо ЖӨНӨТПӨҢҮЗ, сиздин жеке маалыматыңызды үчүнчү жактарга бербеңиз! SMS жөнөтүп же картаңыздын номерлерин жазуу менен шылуундарга эркиндик жана эсептериңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн бересиз.

Эсиңизде болсун! Банк кызматкери сизден эч качан жеке маалыматты сурабайт, муну шылуундар гана жасашат.

Алдамчылыктын дагы бир жолу - шилтемелерди жөнөтүү. Туура эмес маалымат камтылган шилтемелерге өтпөңүз. Жөнөтүүчү ким экендиги маанилүү эмес - бул сиздин досуңуз, тууганыңыз, таанышыңыз болушу мүмкүн. Ал дагы алдамчылыктын курмандыгы болуп калышы мүмкүн экенин эске алыңыз. Жакындарыңызга эскертип, алардын коопсуздугун сактаңыз!

"Айыл Банк" ААК сиздин акча каражаттарыңыздын коопсуздугуна кызык. Биздин Банк сизди алдап кетпешине кызык! "Айыл Банк" акча каражаттарын таратпайт, соодалашууларга жана шектүү айла-амалдарга катышпайт.

Учурдагы маалыматтар жана бардык жаңылыктар биздин расмий баракчаларда жана веб-сайтта көрсөтүлгөн:

ab.kg - банктын расмий жана жалгыз сайты.

aiyl_bank – Инстаграм, Фейсбук баракчалары.

Эгерде сиз алдамчылык фактыларына туш болсоңуз же сиздин маалыматтарыңызды кол салгандар басып алууга аракет кылып жатат деп шектенсеңиз, анда банктын байланыш борборуна 24/7 кайрылууну суранабыз: 5511 (чалуу акысыз), 0312 68-00-00.

"Айыл Банк" - сизге жакын!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14935