TransferGo акча которуу кызматы Кыргызстандын рыногуна кирди
RU

TransferGo акча которуу кызматы Кыргызстандын рыногуна кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

TransferGo - алдыңкы эл аралык онлайн акча которуу кызматы Кыргызстанга да жеткенин жарыялады. Эми Европа өлкөлөрүндө иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктар бир нече мүнөттүн ичинде эле чет өлкөдөн Кыргызстандын банк карталарына акча которо алышат. Акчаны кыргыз сому менен да, АКШ доллары же евро менен да которсо болот.

Чет өлкөдө иштеген Кыргызстандын жарандары үчүн TransferGo алмаштырылгыс курал болот. Комиссиялардын аздыгы, акча которууларды тез жеткирүүнүн жана орус тилдүү тиркеме интерфейсинин аркасында колдонуучулар өз өлкөсүнө акча жөнөтүү кызматтары үчүн ашыкча чыгым болбостон, каржыларын мүмкүн болушунча эффективдүү башкара алышат.

"TransferGo'до биздин максатыбыз жөн эле акча которуу эмес. Биз ар бир которууда кардарларыбыздын убактысын үнөмдөө жана чыгымдарды азайтуу үчүн аракет кылабыз. Алардын кыйынчылык менен тапкан каражаттарын коргоого жардам беребиз. Кардарлардын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн биз талыкпай иштейбиз жана тынымсыз өркүндөтөбүз. Биз азыр Европадагы кыргызстандыктарга өз кызматтарыбызды көрсөтүп баштаганыбызга кубанычтабыз", - дейт TransferGo компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүсү Даумантас Двилинскас.

Эл аралык онлайн которууларга суроо-талап жыл сайын өсүп жатат, ал эми TransferGo өзүнүн кардарлар базасынын жана ал тейлеген өлкөлөрдүн санынын өсүшүн көрүп жатат. TransferGo`нун глобалдык кардар базасы жакында 6 миллион колдонуучудан ашты жана Кыргызстандан тышкары тез жана пайдалуу акча которуу кызматтары Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө жеткиликтүү.

"Бул өлкөлөргө экспансия кокусунан болгон жок. Биз бул рынокко чыгуубузду күтүп жаткан кардарларыбыздан көптөгөн өтүнүчтөрүн эске алдык. Эми биз аларга Кыргызстандын аймагындагы алуучунун картасына түз акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого кубанычтабыз", - деп бөлүштү TransferGo`ну өнүктүрүү боюнча менеджер Анастасия Фоменко.

TransferGo – реалдуу убакыт режиминде пайдалуу, тез жана коопсуз эл аралык акча которууларды камсыз кылган глобалдык онлайн сервис. TransferGo 2012-жылы Улуу Британияда негизделген жана башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан. Бүгүнкү күндө компаниянын Вильнюс, Стамбул жана Варшавада кеңселери бар. Европа, Азия, АКШ, Канада жана Латын Америкасынын 160 өлкөсүндө акча которууларды тейлейт.

TransferGo`нун негиздөөчүсү жана башкы директору Даумантас Двилинскас 2017-жылы Forbes 30 Under 30 тизмесине кирген жана компания 2018 TechCrunch Europa Awards сыйлыгында "жылдын эң тез өнүгүп жаткан стартапы" катары көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14945