Лейлекте абал курчууда. Тажикстан позициясын жергиликтүү калк менен күчөтүүдө
RU

Лейлекте абал курчууда. Тажикстан позициясын жергиликтүү калк менен күчөтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 1-май күнү Лейлек районунда абал курчууда.

Ворух анклавына алып бара турган Төрт-Көчө жолу тажик аскерлери тарабынан жабылган. Бул жол аркылуу Лейлек районуна өтсө болот. Чек аранын жанында Тажикстан тарабында оор аскер техникасы байкалган.

Kaktus.media'нын булактары берген маалыматына ылайык райондо бир нече жолу ок атылып, Тажикстан өз позициясын бекемдеп жатат. Ворухта жерлерди текшерип дрондор учуп жүрүшөт.

Алдын ала бериген маалымат боюнча, алдыңкы позициясы жергиликтүү калктан турат. Абал курчуп кетсе, алар өз демилгеси менен чыкты деп айтышат, аскерлер болсо алардын артынан жөнөйт.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 1-майда тараптардын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1496