Жумуш ордунда ичимдик ичип отурган кызматкерлер бошотулду
RU

Жумуш ордунда ичимдик ичип отурган кызматкерлер бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда иш бөлмөдө ичимдик ичип отурган кызматкерлердин видеосу тараган. Алар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери экендиги жана эмгек тартибин сактабаганы үчүн кызматтарынан алынганы белгилүү болду.

Аталган мекемеден билдиришкендей, төмөнкү жумушчулар ээлеген кызматтарынан алынды:

  • инженер-энергетик;
  • пландоо-экономика бөлүмүнүн жетекчиси;
  • башкы эсепчи;
  • диспетчер.

Белгилесек, видеодо ичип отургандардын үстүнө аял кирип барып, күйөөсү 2 күн бою үйүнө барбагыны үчүн чыр салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14982