Жүк ташуучу унаа оодарылып, Кара-Балта суусуна 20 тонна бензин төгүлдү
RU

Жүк ташуучу унаа оодарылып, Кара-Балта суусуна 20 тонна бензин төгүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунун 113-чакырымында (Жайыл району) DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, айдоочу жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 21-ноябрда жүк ташуучу унаа тосмону сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди.

Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна бензин төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйду.

Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айылдарын ичүүчү суу менен камсыздаган сактагычы убактылуу жабылып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн эксперттик кызматтын 2 адиси суудан үлгү алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14996