Ооруканга колу сынып барган бейтаптын өлүмү. Дарыгерлер иштен четтетилди
RU

Ооруканга колу сынып барган бейтаптын өлүмү. Дарыгерлер иштен четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Клиникалык тез жардам ооруканасында колу сынган бейтаптын өлүмүнө байланыштуу бөлүм башчы менен дарыгер жумуштан четтетилди. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Бүгүн, 23-ноябрда саламаттыкты сактоо министри аталган ооруканага барып, бейтаптын өлүмү боюнча кызматтык териштирүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен таанышты.

Андан кийин министр өлүмдүн себеби так аныкталганга чейин бөлүм башчы менен дарыгерди жумуштан четтетүүнү тапшырды.

Белгилесек, Бишкектин тургуну күйөөсүнүн өлүмүнө Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын дарыгерлерин айыптоодо. Айтымында, жолдошу 7-ноябрда столдон кулап, колу сынып, аталган ооруканага түшкөн. "Бирок дарыгерлер күйөөмдүн кайрылуусун четке кагып, башка дарыгер келгенге чейин, тагыраагы 13-ноябрга чейин күтө тур дешкен", - дейт маркумдун аялы. 14-ноябрда колу сынып ооруканага түшкөн 38 жаштагы бейтап ооруканада каза болгон. Маркумдун туугандары дарыгерлерди шалаакылык үчүн айыптап, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми ооруканадан бейтапка бардык керектүү жардамдарды көрсөтүшкөнүн белгилешти. Дарыгерлердин божомолунда, бейтапта белгилери байкалбаган тымызын синдром башталып кеткен (компартмент-синдрому). "8-10 сааттын ичинде булчуңдарды жана жумшак ткандарды толук өлтүрүп, кан менен камсыздоонун бузулушу. Ал эми акыркы диагноз гистологиялык текшерүүдөн кийин коюлат", - дешти алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15006