"Альянс Алтын" Айтматов районунда ачылган бала бакчаны жабдуулар менен камсыздады
RU

"Альянс Алтын" Айтматов районунда ачылган бала бакчаны жабдуулар менен камсыздады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айылында жаңы бала бакча ачылды. Ачылышка Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Айтматов районунун акими Бектур Сагынбаев, "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин пайдубалы 2021-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен тургузулуп баштап, республикалык казынадан, өнүктүрүү фонддорунан каражат каралып курулушу аяктаган. Кара-Буура айыл элинин кайрылуусунун негизинде бала бакчаны керектүү жабдыктар менен камсыздоого "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунан 406 миң сом акча бөлүнгөнүн фонддун директорунун милдетин аткаруучу Батырбек Качкымбаев билдирди.

"Биздин "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду ар дайым Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн колдоо көрсөтүп келет. Алардын бири - "Эркеле" бала бакчасына эмерек алып берди. 50 орундуу бала бакчадан келечекте элибиздин керегине жараган уул-кыздар тарбияланып чыгат деп ишенебиз", - деди Качкымбаев.

Иш-чарага катышкан облус башчысы Нурлан Дарданов Талас облусунда 2023-жылга ачылышы пландалган сегиз билим берүү мекемесинин төртөө ачылып, калганы дагы жыл аягына чейин пайдаланууга берилерин айтып, Кара-Буура айылындагы жаңы ачылган бала бакчаны ички эмеректер менен камсыздоодо көмөк көрсөткөн "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондуна ыраазчылыгын билдирди.

Эске сала кетсек, "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКсы тарабынан түзүлгөн. Аталган фондго компания 2016-жылдан тартып 1 миллиард 50 миллион сом каражат которгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15010