Президент мамлекеттик ипотекалык батирлердин курулушу менен пландан тышкаркы таанышты
RU

Президент мамлекеттик ипотекалык батирлердин курулушу менен пландан тышкаркы таанышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында калктын аз камсыз болгон катмарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчыга жалпысынан 986 батирлүү 11 көп кабаттуу үй келерки жылдын сентябрь айында толугу менен пайдаланууга берилери маалым болду. Мындай үйлөрдүн ар бири 18 кабаттан турат.

Бул жерге 39 көп кабаттуу үй курулуп, алар мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында жеңилдетилген шартта жарандарга берилет.

Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15024