Жаңы автобус менен кырсыкка кабылган айдоочуга кандай чара көрүлдү?
RU

Жаңы автобус менен кырсыкка кабылган айдоочуга кандай чара көрүлдү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жол №48 автобустун айдоочусу кырсыкка кабылып, даракты сүзгөн. Рулду башкара албай калган айдоочу жумуштан четтетилди. Андан тышкары ал келтирилген чыгымды төлөөгө милдеттендирилет дешет мэриядан.

Калаа башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, кырсыктан 9 адам жабыркап, бардыгы амбулатордук шартта дарыланууда. Айдоочу өзү да жаракат алган.

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынан" билдиришкендей, учурда ишкананын айдоочусу Кулжабаев К. жумуштан четтетилген. Ошондой эле айдоочу кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурат, тактап айтканда, экспертизадан өткөндөн кийин унааны калыбына келтирүүдөгү акыркы чыккан сумманы төлөйт.

Муниципалдык мекемеден жаңы автобустардын келиши жана айдоочулардын айлык акысынын жогорулашы менен аларга болгон суроо-талап бир топ жогорулаганын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15037