Түндө Бишкектен кыз ала качышты деген билдирүү жалган экени аныкталды
RU

Түндө Бишкектен кыз ала качышты деген билдирүү жалган экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук кайгуул кызматынын басма сөз кызматы Бишкектин борборунан кыз ала кычышты деген маалымат боюнча тактоо берди. Алардын айтымында бул жалган билдирүү экени аныкталды.

"Түндө, белгисиз адамдар Московский менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде кыз ала качышты деген билдирүү келип түшкөн. Маалыматты текшергенде билдирүү психикалык абалында көйгөйлөрү бар кыздан келгени аныкталды. Эч кандай кыз ала качуу болгон эмес", - деп кайгуул кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1504