Кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышы мүмкүн
RU

Кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин узак дем алыш күндөрүн белгилөө пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлерине узак мөөнөттүү эс алуу күндөрүн белгилөө сунушталат:

  • 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 7-январына чейин;
  • 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин;
  • 2024-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 5-майына чейин.

Долбоордо дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында аптасына беш күн иштеген жеке менчиктеги юридикалык жактардын жетекчилерине 2024-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15051