"Менде ВИЧ бар, аялымда жок. Биз бала пландап жатабыз"
RU

"Менде ВИЧ бар, аялымда жок. Биз бала пландап жатабыз"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылдын аягында Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктурган 12 039 учур расмий катталган. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында бул көрсөткүч 13 миң 113 адамга жеткен. ВИЧ макамы бар адамдардын көбү өз диагнозун ачыкка чыгаргысы келбейт. Бейрасмий сандар мындан да жогору болушу мүмкүн. Себеби, бардыгы эле ыктыярдуу ВИЧке тесттен өтө бербейт. Кошумчалай кетсек, ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдардын көбү бөлүп-жаруу, кысымдын айынан статусун жашырууга аргасыз болушат. Бул жолу Kaktus.kg редакциясы ВИЧ жана бул статус менен жашагандардын тагдыры тууралуу айтып берет.

"Жолдошумдан жукту. Бирок, ал мойнуна албай мени таштап кетти.."

Атын атагысы келбеген айымдын биринчи жолдошунан эки уулу бар. Ал менен турмуштук шартка байланыштуу ажырашып кеткенден. Экинчи жолу турмуш курганда айымдын боюнда болуп, анализдери таза чыккан. Төрөй турган маал жакындаганда экинчи анализ алган дарыгерлер андан ВИЧ-инфекция табылганын айтышкан.

"Жаңы каттоодон өткөндө анализдерим таза болчу. Төрөй турган маалда дарыгерлер кесарева жолу менен төрөйсүң деп, анализ алышкан. Бир аздан кийин мага келип: эмнегедир сизден (ВИЧ) аныкталып жатат, сыягы, инфекцияны кош бойлуу кезде жуктуруп алган окшойсуз дешти. Мен баланын атасына айттым. Ал Кореянын жана Кыргызстандын жараны. Ал айтты: бул мен эмесмин. Абдан жаман болду. Ал Кореяга мени таштап, кетип калды. Үйлөндү. Мына 9 жыл өттү. Келбейт, жардам бербейт. Макамымды уккандар аябай жаман ойлошот. А биз кадимкидей эле адамдарбыз да. Биз жөн гана иммунитетибизди көтөрүп турушубуз керек", - дейт ал.

"Менде ВИЧ бар, аялымда жок. Биз бала пландап жатабыз"

Экинчи атын атагысы келбеген киши жаш баңгизат колдонуп, ийне аркылуу ВИЧ жуктуруп алган. Ал баңгизат колдонгону үчүн түрмөгө да жатып чыккан. Ал өзүнөн вирус аныкталганын түрмөдөн билген. Чыккан соң бул ВИЧ тууралуу көп маалымат чогултуп, узак жашаса боло турганын түшүнгөн. Болгону дарыгерлер айткан талаптарды так сакташы керектигин түшүнөт. Ал жаштарга баңгизат колдонуунун аркасы кайгылуу аяктайт экенин эскерткиси келет. Ал эми вирус менен жашап жаткандарга жашоо муну менен бүтпөйт деп, өзүн мисал кылып, жакында жубайы менен бала пландап жатканын айтты.

"Мен кыйынчылыктарды жеңдим, барын кабыл алдым.Ошондо менин жашоомдо баары жакшыга өзгөрдү. Ишенбешиңиз мүмкүн, бирок мен канча сыноодон өттүм. Азыр аялым менен жашап жатканыма эки жыл болот. Баары жакшы. Эч кандай көйгөйлөр жок. Аялым оорубайт. Мен өзүм ооруп жатам, аялым оорубайт. Биз мыйзамдуу түрдө катталганбыз. Анан балалуу болууну пландап жатабыз", - дейт ал.

ВИЧ макамы бар аял ден соолугу чың бала төрөй алат

СПИД борбордун дарыгери боюнда бар аялдан ВИЧ аныкталса төрөгөнчө жана төрөгөндөн кийин дары ичээрин айтты. Бул дарыгерлердин талаптарын так сактаса эне саламаттыгы чың бала төрөй алат дейт.

"Эгерде аял кош бойлуу кезинде ВИЧ инфекциясы аныкталса, төрөткө чейин дары ичет. Андан кийин ал да дарыны ичиши керек. Башкача айтканда, өмүр бою дарыланат. Дарыны өз убагында ичсе, бала дени сак төрөлөт. Жашоо кадимкидей уланат. Бир эки,үч,төрт төрөт бала төрөгөндөр бар. Эч ким чекит койбойт", - деп билдирди дарыгер.

"Жолдошум баңгизатын колдончу. Мен тыштайт го деп ойлогом.."

Кийинки каарман ВИЧти баңгизат колдонуп жүргөн жолдошунан жуктуруп алган. Ал эми жолдошу анализдин жыйынтыгына ишенбей, дарыгерлер берген дарыларды ичпей жатып, каза болгон.

"Жолдошум баңгизат колдончу экен. Мен аны турмушка чыккандан кийин билдим. Баңгизатты таштайт деген үмүттө жашап жүрдүм. Бир күнү СПИД борборуна барып, анализ тапшырып, тилекке каршы, диагноз тастыкталды. Бирок, ал ишенген жок. "Баары жалган!" деп кабыл алгысы келбей, дары ичкен жок. Акыры каза болуп калды.

Көбүнчө кыздар жакшылыктан үмүттөнүшөт. Бирок, ал өзгөргөн жок. Адам ушундай экен: ал дайыма башкалар ооруйт, бирок ал мен эмес деп ойлойт экен", - дейт ал.

Жакындары кабыл албаган ВИЧ макамы бар адамдар үй-бүлөсүн таштап, бейөкмөт уюмдар уюштурган борборлордо жашоого аргасыз болушат.

Беш жылдан бери Бишкекте БУУӨПнын долбоорунун алкагында Глобалдык фонддун гранты менен ВИЧке каршы күрөшүү борбору уюштурулуп келет.

"Башкача айтканда ВИЧке чалдыккандар бул диагноз менен кантип жашоону үйрөнүшөт. Бул жерде адамдарга дары-дармекти туура кабыл алууну, туура жашоону, коомдо социалдашып, Кыргызстандын толук кандуу жараны болууну үйрөтүп, жардам беришет", - дейт борбордун координатору.

"200дөй ВИЧ макамы бар киши көзөмөлдөн чыгат"

Олеся бул борборго бир убакта өзү кайрылып, жардам алган. Кийин башкаларга жардам берүу үчүн тең консультатн болуп иштеп жатат. Ал борбордун кызматкерлери көчөдө, үй-жайы жок жүргөндөрдү текшертип, ВИЧ аныкталгандарды көзөмөлгө алышаарын айтты. Бирок, бул борбор жыл аягы менен жабылганы жатат. Себеби каржылдоо кийинчи жылга бөлүнбөйт. Олеся, борбор жабылса, бул жактан кызмат алып, жашап жаткан ВИЧ макамы бар 200 киши көзөмөлдөн чыгаарын айтып, алар вирусту жайылтышы мүмкүн деп кооптонууда.

"Бизде жакындары, апа, аталары мамилеси бузулган көп адамдар бар. Толугу менен баш тартып, эч кандай колдоо албагандар бар. Анан баары бул жакка келишет. Мисалы, көчөдө жашагандар. Бизде ВИЧке кабылган жарандарды аныктаган -консультанттар бар. Алар ооруну андан ары жайылтпоо үчүн аларды бул жакка алып келишет. Бирок, азыр жатакананы жабууну пландап жатышат. Жабылса, эки жүздөн ашык адам көзөмөлдөн чыгат. Алар башкаларга жуктурбайт деп ким кепилдик берет, бул борбор болбосо?", - дейт ал.

Ар бир адам жашыруун түрдө ВИЧке анализ тапшырса болот. Ал эми Вирус аныкталгандарга дары акысыз

СПИД борбордун дарыгери Алтын Абдылдаева жаштардын ВИЧ боюнча маалыматы көп экенин айтып, орто муундун тушүнүгү аз экенине токтолду. Ал жарандар жашыруун келип, анализ тапшырып, ВИЧтен коргонуу үчүн да акысыз дары алып кетсе боло турганын белгиледи.

"Менимче, жаштардын түшүнүгү кең. Бул жакшы билбеген 40, 45, 50 жаштагылар, алар жумушка орношкондо же бир жакка барганда кокустан текшерилип, анан ВИЧ аныкталат. Бүгүнкү күндө байланышка чейинки профилактика бар. ВИЧ-инфекциясын жуктурбоо үчүн жаштар азыр жыныстык катнашка бараардын алдында, алдын ала өздөрүн коргоп жатышат. Профилактикалык дарылар бекер берилет. Бул үчүн адам бул жерге (СПИД борбору) келип, маалымат алгысы келерин, дары-дармектерди алгысы келерин айтса, дарылар бекер берилет.

ВИЧ кабылган адамдар кадимки жашоодо менен жашай алышат. Алар дарыгерлер тарабынан белгиленген белгилүү бир эрежелерди сактоо гана керек. Бул эрежелерди сактоо менен алар үй-бүлө куруп, дени сак балдарды төрөй алышат. Быйыл эле Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккан 30 аял дени сак бала төрөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15055