Баткен облусундагы Куралдуу кагылышуудан кийин Максат айылынын абалы. Фоторепортаж
RU

Баткен облусундагы Куралдуу кагылышуудан кийин Максат айылынын абалы. Фоторепортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Кырдаалдын тынч болушу Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдарга барып алардын азыркы абалын көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул сүрөттөр бүгүн 2-майда, саат 11:00до тартылган.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 3-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда. Кыргызстандын 34 жараны каза болгону белгилүү болду, анын ичинен үчөө аскер кызматындагылар.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1505