"Үстүбүздөгү кийим менен эле качып жөнөдүк". Мархамат Дастанованын окуясы
RU

"Үстүбүздөгү кийим менен эле качып жөнөдүк". Мархамат Дастанованын окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун бир районунан эле 33 миңге чукул жаран эвакуацияланды. Достук айылынын тургуну Мархамат Дастанова Kaktus.media'нын корреспондентине өз окуясын айтып берди.

Анын айтымында, жаңжал башталган күнү ал төрт баласы менен үйдө эле жүргөн. Мындай болуп кетээри ойго да келген эмес.

"Биздин үй чек ара заставасына жакын жайгашкан. Ок атылганын жана снаряддар жарылганын угуп, көчөгө чыксам ызы-чуу түшүп, элдин баары качып баратышыптыр", - дейт Мархамат Дастанова.

"Үстүбүздөгү кийимибиз менен эле балдарымды алып үйдөн чуркап чыктым. Айрым балдарым жылаңайлак бойдон. Канча чуркаганыбызды билбейм. Эркектер бизди бир сарайга чогултушту. Ичине кирсем, 20-30 бала, бир нече келиндер бар экен. Бир сааттай ошо жерде отурдук, же балким андан көп отурдук, билбейм. Мен улам сыртка чыгып, Максат, Арка-1, Арка-2, Жаштык айылдары өрттөнүп жатканын көрдүм. Ок атуу тынган жок", - деп келин айтып берди.

Бир маалда бус келип, андан бир эркек киши чыгып, барыбызды Маргун айылына алып барам деди. Ошол жердеги келиндерди балдарыбыз менен коопсуз жерге жеткирип коюшту.

"Айылдагылар бизди тосуп алып, курсактарыбызды тойгузушту. Бардыгы жайында. Бизге Кыргызстан бүт жардам берип жатканын окуп жатабыз. Аябай ыраазыбыз. Бардыгыңарга ырахмат", - деп Мархамат Дастанова өз окуясын айтып берди.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 3-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда. Кыргызстандын 34 жараны каза болгону белгилүү болду, анын ичинен үчөө аскер кызматындагылар. Жарадар болгондордун саны 178 жаран.
  • 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
  • 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1506