Өзгөндө бычылды деген киши ооруканадан чыгарылды
RU

Өзгөндө бычылды деген киши ооруканадан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунун Куршаб айылында бычылды деген 44 жаштагы киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев тастыктады.

Ал кишиге бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилесек, 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну 44 жаштагы Э.Т. деген айылдашын үйүнө чакырган. Ортодо өз ара пикир келишпестик жаралып, үй ээси айылдашына бычак менен жаракат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон. 14-ноябрга караган жабырлануучу аймактык ооруканага түшкөн. Ага чукул операция жасалган.

Бул окуядан кийин шектүүнүн жубайы кайрылуу жасап, 5 айдан бери Россияда жүргөнүн, жабырлануучу менен жолдошунун кандай байланышы бар экенин айтып берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15070